1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Педагогикалык колледжи
  4. Жаңылыктар

5 месяцев назад

144

ЖАМУнун Педагогикалык колледжинин директору жана МТ, социалдык жана тарбия иштер боюнча орун басары Жатаканадагы студенттерден кабар алышты

2025-2026-окуу жылынын 29- октябрь күнү  ЖАМУнун  жатаканасында ПКнын директору Кенже  Салибаева  жана МТ, социалдык жана  тарбия иштери боюнча  директордун орун басары Рахат Кушбакова жолугушуу уюштурду. Жолугушууда жатаканада жашаган кыз балдар арасындагы рекетчиликти алдын алуу максатында талкуу болду. Жыйналышка Манас шаардык ички иштер бөлүмүнүн коомдук коопсуздук кызматынын жашы жете элек өспүрүмдөр менен иш  алып баруу инспекциясынын милициянын  улук лейтенанты Дилдебаева Дарыя, милициянын майору Мавлянкулова Гулмира, милициянын майору Абдибаит кызы Акзыйнат катышышып, маанилүү маалыматтарды тааныштырып, кылмыштуулуулукту алдын алуу боюнча түшүндүрүү ишин жүргүзүштү. Жыйналыштан соң жатаканада жашаган студенттердин жашоо шарты, тазалыгын кароо  боюнча кыдыруу иши жүргүзүлдү.