1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Педагогикалык колледжи
  4. Жаңылыктар

6 месяцев назад

146

“Элдик тарбия ыкмалары жана заманбап педагогика”

Педагогикалык колледждин  Башталгыч класстардын мугалими жана кыргыз тили ПЦКсынын окутуучусу Досалиева Мунайым Молдалыевна “Элдик тарбия ыкмалары жана заманбап педагогика” деген темада мастер класс өттү.

´  Президенттин «Улуттук нарк жөнүндөгү» Жарлыгында белгиленгендей, улуттук нарктуулукту калыптандырууда ийгиликке жетиш үчүн ар бир муундун физиологиялык жана психологиялык өзгөчөлүктөрүн эске алган ыкмаларды иштеп чыгуу милдети коюлган. Бул талап мектеп тарбия жаатындагы адистердин алдына улуттук баалуулуктарды мектеп чөйрөсүнө трансформациялоонун илимий жана усулдук негиздерин түзүү боюнча өтө маанилүү жана актуалдуу милдеттерди жүктөп жатат. Негизинен нарктуу коомду куруу үчүн улуттук маданиятыбыздагы байлыктарды тарбиялык каражат катары түшүнүү зарыл. Бул идея азыркы учурда расмий мамлекеттик документтер аркылуу да тастыкталып, өлкөнүн тарбия системасы үчүн улуттук баалуулуктарга негизделген стратегиялык жана идеологиялык багыт катары калыптанууда.  Азыркы мезгилдин талабы болуп, баланы этнопедагогикалык билимдерди өздөштүрүүсүнө чыйыр салышыбыз керек. Андыктан элибиздин баалуулуктарын, көркөм кооз жаратылышын, кайталангыз кол өнөрчүлүгүн, баа жеткиз чыгармаларын ар бир сабагыбызда эле кошумча маалымат катары колдонсок болот