1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Педагогикалык колледжи
  4. Жаңылыктар

6 месяцев назад

149

ЖАКШЫ  ЖАШОО ЖАКШЫ  ЖУМУШТАН   БАШТАЛАТ 

Манас шаарында эмгек, социалдык коргоо жана миграция башкармалыгы тарабынан "Жакшы жашоо жакшы жумуштан башталат" аттуу  бош иш орундар жана  кесиптер жарменкеси болуп өттү.

 Бул иш — чаранын негизги максаты жумуш издеген жарандарга, ишке орношууга көмөк көрсөтүү,  жаштардын кесип тандоого болгон кызыгуусун арттыруу жана аларды эмгек рыногундагы мүмкүнчүлүктөр менен тааныштыруу максаты көздөлгөн. Анда Манас шаарынын ар кандай ишканалары, жумуш берүүчүлөр жана билим берүү мекемелери катышты. Алар өз иш-аракеттери жөнүндө маалымат берип, бош орундарды сунушташты. Иш-чарага Педагогикалык  колледжинин бүтүрүүчү студенттери, ПЦКнын практика жетекчилери өндүрүштүк практика жана карьера боюнча жетекчиси Э.Э.Кудукбаева катышып, дене тарбия адистигинин бүтүрүүчү тайпанын студенттери өздөрү спортто  жетишкен ийгиликтери менен келген меймандарды көңүлүн өздөрүнө тарта алды,эмгек рыногунун заманбап талаптары менен таанышты.

Мындай иш-чаралар жаштарды кесиптик багыттоодо, эмгек рыногунда талап кылынган адистерди даярдоодо жана жумушсуздуктун деңгээлин төмөндөтүүдө маанилүү. "Бош орундардын жана кесиптердин жарманкеси" коомдун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө салым кошуп, изденүүчүлөр менен иш берүүчүлөрдү бириктирген маанилүү аянтча болуп калды.