1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Педагогикалык колледжи
  4. Жаңылыктар

6 месяцев назад

192

Алыш – кыргыз элинини улуттук бел боо күрөшү

Улуттук оюн “Алыш күрөш” темасында  жумуш ордунда окутуу 

Искак Раззаков  атындагы адистештирилген балдар-өспүрүмдөр олимпиадалык  резерв  спорт мектебинини базасындагы спорт сарайында   ДТк-2-23 тайпасына Мазакбай Разаков   Улуттук оюн “Алыш күрөш” аталышынды  окутуу  болуп өттү.

Алыш күрөшүндө колдонулуучу эмеректер жана шаймандар, кийген кийми менен тааныштырды, студенттерге  Алыш – оюнунун кыскача тарыхын айтып берди

Алыш – кыргыз элинини улуттук бел боо күрөшү.

Алыш күрөшүнүн тарыхы өзүнө тээ байыркы замандарды камтып келет. Ошондой эле күрөштүн бул түрү кыргыздардын байыркы спорт оюндарынын бири болуп саналат.

Бел боо күрөшүнүн 6000 жылдык тарыхынын бар болгондугун далилдеген тарыхый фактылар катары көптөгөн артефакттар (Багдадда таблыган эки балбандын статуясы) бар. Бел боо күрөшү тууралуу далилдерди Европанын жана Азиянын 70тен ашык өлкөсүнүн адабиятында кезиктирүүгө болот. Бирок күрөштүн элементтери жазуу түрүндө алгачкы жолу “Манас” эпосунда айтылган: Кошой менен Жолойдун кармашы алыш күрөшүнүн эрежелери боюнча өткөн. Тарыхый жактан бул кармаш өтө баалуу болуп саналып, кыргыздар канча жашаса, алыш да ошончо бар болгондугунун далили болгон.

Окутуунун алкагында студенттерге алыш күрөшүндө айрым ыкмалар үйрөтүлүп, денени кызытуу үчүн көнүгүлөр жасашты.