1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Педагогикалык колледжи
  4. Жаңылыктар

6 месяцев назад

179

Спорт — ден соолуктун булагы!

 2025-2026-окуу жылынын 23-октябрь күнү Педагогикалык колледжинде КРнын Президентинин 2024-жылдын 18-декабрындагы   № 369 жарлыгы менен бекитилген “Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик” уңгужолу улуттук программага ылайык  сергек жашоо образын жайылтуу максатында иш-чара уюштурулду. Бул иш-чара өлкө башчысынын сергек жашоо образын жайылтуу, элдин ден соолугун бекемдөө боюнча демилгесин колдоо багытында өткөрүлдү. Президент тарабынан белгиленгендей, улуттун келечеги, ден соолугу чың, активдүү жашаган жарандардан түзүлөт. Ошого ылайык, билим берүү мекемелеринде спортту жана саламат жашоо маданиятын активдүү жайылтуу мезгил талабы. Иш-чаранын максаты — дене тарбия жана спортту өркүндөтүү, кесиптештер арасында сергек жашоо образын жайылтуу, ошондой эле жаш муунга үлгү болуу. Окутуучулар ар кандай багыттагы көнүгүүлөрдү аткарып, чыдамкайлык, ыкчамдык жана жеңишке умтулуу сапаттарын көрсөтө алышты.

     Колледж жамааты мындан ары да “Спорт — ден соолуктун булагы”     урааны жана президенттик демилге менен шайкеш, коом үчүн пайдалуу иш-чараларды уланта бермекчи.