1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Педагогикалык колледжи
  4. Жаңылыктар

6 месяцев назад

143

Предмет менен тилди интеграциялап окутуунун стратегиялары 

Педагогикалык колледждин БКМжана КТ ПЦКсынын окутуучусу Исманалиева Б.М. “Дифференцированное и интегрированное обучение чтению, письму и счету в начальной школе”  Тема: Предмет менен тилди интеграциялап окутуунун стратегиялары деген темада БКМк-04-24 тайпасына  ачык саат өттү.    

Бүгүнкү ачык сабак жогорку деңгээлде уюштурулуп, мазмуну терең жана түшүнүктүү болду. Окутууда заманбап методдорду колдонуп, окуучуларды активдүү катыштырууга жетишти. Ар бир көнүгүүнүн түрү — тууроо, алмаштыруу, трансформ жана репродуктивдүү көнүгүүлөр — так мисалдар менен түшүндүрүлдү.

Студенттер  сабактын жүрүшүндө ойлорун эркин айтып, практикалык көнүгүүлөр аркылуу жаңы билимди өздөштүрө алышты. Окутуучу  сабакты кызыктуу формада уюштурганын жана ар бир этап алдын ала пландалганын көрсөттү.

Жыйынтыктап айтканда, бул ачык сабак — методикалык жактан негизделген, түшүнүктүү жана кызыктуу сабак болду. Мугалим жогорку кесипкөйлүгүн жана предметке болгон жоопкерчилигин көрсөтө алды.