1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Педагогикалык колледжи
  4. Жаңылыктар

6 месяцев назад

165

"Өмүрү өрнөктүү Исхак Раззаковго 115 жыл"

2025-ж. 10-октябрь күнү Б. Осмонов атындагы Жалал- Абад мамлекеттик университетинин Чет тилдер колледжинин ЖББ ПЦКнын тарых окутуучулары Ч.Токтосунова, У.Абдрашева, А.Жороева тарабынан  АТб-2-24 тайпасынын студенттери менен биргеликте Коомдук ишмер, саясатчы, “Өмүрү өрнөктүү Исхак Раззаковдун 115- жыл” аттуу  эскерүү кечеси өткөрүлдү. Кеченин максаты келечек муундарды тарбиялоодо улуу инсандардын  аткарган иштерин унутта калтырбай  эскерүү.

Кече  КРнын гимнин  угуу менен башталды. Андан соң  алып баруучу  Чет тилдер колледжинин мамлекеттик тил социалдык иш жана тарбиялык иштер боюнча директордун орун басары Г.П.Маткасымова  кечени ачып берүүгө сөз берилди. Ал өз сөзүндө жалпы жамаатка жана студенттерге каалоо тилектерин айтып кечени ачык деп жарыялады. “Өлгөндөр  эстелбесе -тирүүлөр баркталбайт” деп элибизде айтылгандай, өз доорунда Исхак Раззаковдун кыргыз тилин, маданиятын жана тарыхын өнүктүрүү багытында кылган иштери боюнча тарых окутуучулары Ч.Токтосунова тарабынан доклад окуп кызыктуу маек куруп берди. И. Раззаковдун өмүр баяны, аткарган иштери боюнча маалымат айтып  өттү.

  У. Абдрашева  “И.Раззаковдун мезгилиндеги илим билимдин өнүгүшү” деген темада кызыктуу маек куруп берди. А. Жороева эжеке “И.Раззаковдун маданиятка кошкон салымы жана кызыктуу фактылар” боюнча маалымат айтып берди.

      Эскерүү кеченин экинчи бөлүгүндө АТб-2-24 тайпасы тарабынан уюштурулган концерттик программа менен коштолду. Программада жеке номер, сахналык көрүнүш, улуттук кыргыз бийи, комуз менен күү чертүү, хор ырдоо, студенттерге И.Раззаков боюнча суроо жоопторду уюштурушуп кызыктыруучу белектерди беришти. Кеченин сонунда ЖББ ПЦКнын төрагасы К.С.Эрмековго жыйынтыктоо үчүн сөз берилди.Төрага өз сөзүндө уюштуруу тобуна ыраазычылык билдирип студенттерге кыргыздын  улуу инсандарын  аткарган иштерин эч качан  унутта калтырбай дайыма  эскерип жүрүү  менен  өз мекенибиздин патриоту болууга,  кыргыз мамлекетинин өнүгүшүнө салым кошууга  чакырып өттү.