1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Жалал-Абад педагогикалык колледжи
  4. Жаңылыктар

2 дня назад

10

Чет тилдер колледжинде окутуучулар үчүн методикалык айлык башталды!

Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин Чет тилдер колледжинде окутуучуларга методикалык жардам көрсөтүү максатында семинар, мастер-класстар айлыгы башталды. Бул иш-чаранын негизги максаты окутуучулардын кесиптик чеберчилигин жогорулатуу, окутуунун заманбап ыкмаларын жайылтуу жана сабак берүүдө инновациялык методдорду киргизүү.

Айлык иш-чаранын алкагында окутуучулар ар кандай темаларда тажрыйба алмашып, ачык сабактарды өткөрүшүп, жаңы билим берүү технологияларын практикалык түрдө колдонушат. Семинар, мастер-класстарда окутуунун эффективдүү формалары, студенттердин активдүүлүгүн жогорулатуу ыкмалары жана коммуникативдик компетенцияны өнүктүрүү багытындагы тажрыйбалар талкууланды. Бул жолку окутуу Гүлназ Борубаева тарабынан өтүлдү.