“Кызга кырк үйдөн тыюу”

Э.Уметов атындагы педагогикалык институтунун педагогикалык колледжинде 11-октябрь Эл аралык кыздар күнүнө арналган “Кызга кырк үйдөн тыюу” аталышта иш-чара уюштурулду. Негизги максаты кыздар коомдун таянчы, үй-бүлөнүн куту, келечектин жарык чырагы, сулуулуктун символу экенин даңазалаоо. Саамалык педагогика мугалими Гульчехра Абдуллаева тарабынан уюштурулду. Башталгыч класс мугалими адистигинин кыздарынын аткаруусунда жандуу ырлар, сахна көрүнүштөр, бий жана тамак-ашты даярдоо иш аракеттери менен коштолду. БКМб-2-24 тайпасында уюштурулуп 5 топ 6 эреже боюнча таймашка чыгышты. Анда кыздардын сөз чеберчилиги, каада-салттарды билүүсү, күнүмдүк жумуштарды жасоосу, өз укуктарын кандай коргой алуулары сыналып, калыстар тобу тарабынан бааланды.
Мындай иш-чаралар кыздардын өзуно болгон ишенимин артырат. Билим алуу менен катар турмушка даярдоого өбөлгө болот. Элибизде "Кызга кырк үйдөн тыюу"-деп бекерге айтылган эмес. Кыргызда кыздын жүрүм-туруму, адеби өзгөчө бааланган. Бул эзелтен келе жаткан салттарыбызды жайылтуунун бир жолу.