1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Жалал-Абад педагогикалык колледжи
  4. Жаңылыктар

1 месяц назад

34

Жалал-Абад педагогикалык колледжинде конок лекцияларды өткөрүү жакшы өтүлүүдө

Жалал-Абад педагогикалык колледжининЧет тили адистигинин            Атк-01-24, Атк-02-24 тайпаларынын студенттерине  Калпак English окуу борборунан келген коноктор Станислав Савилов жана Советбек Зикиров менен 19-майда конок лекция уюштурулду. Келген меймандар “Teaching  forms of assessment” -Балоо каражаттарынын формалары жана “Teaching an innovation strategies”- Окутуунун  инновациялык стратегиялары -деген темаларда лекция окушту.

         Лекция учурунда кызыктуу жана актуалдуу суроолор англисче берилип, жооптор жана маалыматтар алынды. Мындай конок лекциялар мындан ары да байма-бай уюштурулуп, Калпак English менен Жалал-Абад педагогикалык колледжи  кызматташтыкты бекемдеп, мобилдүүлүк жана тажрыйба алмашуу маселелери жаатында эки тараптуу кызматташуу багытында сүйлөшүүлөр жүргүзүлдү. Жыйынтыгында сертификаттар тапшырылып, келген конокторго ыраазычылык билдирилди. Бул жолугушуу студенттер учун кызыктуу, маанилүү жана пайдалуу болду -деп билдирди конок лекциянын уюштуруучусу Замира Женалиева