Санариптик сабаттуулук – жаңы мүмкүнчүлүктөр

Жалал-Абад педагогикалык колледжинин Чет тилдер ПЦКсынын студенттери үчүн Европа Биримдиги тарабынан каржыланган "Кыргыз Республикасындагы жарандык укуктарды бекемдөө үчүн санариптик технологиялар" (Digital technologies For Civic Empowerment in Kyrgyz Republic (DT4CE) Transparency International Secretariat (TI-S) долбоору ачык-айкындуулук боюнча иш чара болуп өттү.
Иш чарада санариптик көндүмдөрдү өнүктүрүү жана онлайн платформаларды колдонуу менен Кыргызстандагы башкаруу процесстерине жаштардын катышуусун жогорулатуу (bilem.kg, jmd.kg) 6 айдын ичинде мамлекеттик мекемелердин ачыктыгын жогорулатуу жана жакшы башкаруу жолдору жөнүндө кененирээк маалымат берип кетти. Бул долбоор Каниет реабилитациясы тарабынан колдоо көрсөтүлүп жаштарга пайдалуу маалыматтарды так жана туура алууну үйрөтүп кетти.
Жыйынтыгында студенттер өздүк телефондору менен онлайн платформаларды колдонгонду практика жүзүндө көрүшүп, ар кандай өздөрү кызыккан суроолорду да жаза кетишти