1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Педагогикалык колледжи
  4. Жаңылыктар

1 год назад

239

Мамлекеттик практикага жөнөтүү конференциясы

Жалал-Абад  мамлекеттик университетинин Жалал-Абад педагогикалык колледжинде, чет тили адистигинин 3-курсунун студенттеринин  квалификациялык практикасынын  жөнөтүү конференциясы болуп өттү.

Конференцияда аталган тайпанын студенттерине квалификациялык практиканын максаты жана милдеттери тууралуу  кеңири маалымат берилди.  Студенттерге  квалификациялык  практиканын  жол картасы, аткарылуучу иштин мазмуну, күндөлүк  жана отчеттун структурасы боюнча слайд аркылуу көрсөтмөлөр берилди. Конференциянын аягында студенттерге окуу жайдагы практика  жетекчилери тааныштырылды жана жолдомолор берилди.