Саламат бол – Санжыралуу Ноорузум

Жалал-Абад педагогикалык колледжинин чет тилдер ПЦКсынын 3-курстарынын студенттери 21-март Нооруз майрамына карата «Саламат бол – Санжыралуу Ноорузум» деген темада ыр-майрам өткөрүштү. Ыр-майрамда студенттер кыргыздын байыртан бери келе жаткан салттары “Бешик той”, “Тушоо кесүү той” жана кыргыздын улуттук “Топ таш”, “Ордо” жана “Аркан тартыш” оюндарын мыкты деңгээлде көрсөтүштү. Ошондой эле кыргыздын меймандостугун даңазалап, улуттук тамак-аштарды ярмаркага коюшту.
Жыйынтыгында студенттер Нооруз майрамынын башталышын жагымдуу маанай менен башташып, көрүүчүлөргө да эсте калаарлык мүнөттөрдү калтырышты. Жана дагы, колледжибиздин директору А.Т. Маматумаров уюштуруучуларга ыраазычылыгын билдирип, майрамдык каалоолорун айтып кетти