Окуу таанышуу практиканын жыйынтыктоо конференциясы

2024-жылдын 19-март куну ЖАПКнын чет тили адистигинин 2-курстарынын студенттеринин окуу таанышуу практикасынын жыйынтыктоочу конференциясы болуп өттү. Студенттер мектептерге өз убагында жайгаштырылды жана окуу таанышуу практикасын жоопкерчиликтүү өтөп келишти. Студенттер практика учурундагы жетишкендиктери, үйрөнгөн ар кандай окутуунун жаны методдору, мектепте аткарган иштери менен бирге иш жүзүнө ашыра албай калган кемчиликтери тууралуу айтып беришти.
Окуу таанышуу практика учурунда студенттер негизинен мектептеги класс жетекчинин иш аракети менен кенен таанышышты.Студенттер бөлүнгөн класстын иш кагаздарын туура жазууну жана туура толтурууну, сабактарды пландаштырууну жана өтүүнү, окутуунун жаңы ыкмаларын сабакта колдонууну үйрөнүп келишти