1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Жалал-Абад педагогикалык колледжи
  4. Жаңылыктар

1 месяц назад

57

ӨЛКӨ ТААНУУ – МАДАНИЯТ ТААНУУ

Жалал-Абад педагогикалык колледжинин чет тилдер ПЦКсынын окутуучусу Кубатбек кызы Элзада АТб-2-22 тайпасы менен өлкө таануу сабагынан “Welcome to the UK” деген темада кече өткөрдү. Кечеде студенттер командага бөлүнүп англис тилдүү мамлекеттер жөнүндө баяндап, алардын ичинен Англия, Шотландия, Уэльс жана Түндүк Ирландия мамлекеттерине кеңири токтолуп, алардын салттарын жана кызыктуу фактыларын атап өтүштү. Англия мамлекетинин көрүнүктүү жерлеринин сүрөттөрүн көрсөтүп, ар бир мамлекеттин улуттук символдорун да чечмелеп айтып беришти.

 Ошондой эле мугалимдер үчүн да кызыктуу оюндарды уюштурушуп, командалар бири-бирине суроолорду берип, өлкө таануу сабагынан алган билимдерин тереңирээк бышыкташты. Студенттер англис тилин дагы да кызыгып үйрөнүшүп, аталган мамлекеттерге саякат кылууга да мотивация алышты.

Жыйынтыгында англис тил кечесине активдүү катышкандар уюштурган мугалими тарабынан ыраазычылык каттарды алышты. Ыраазычылык каттарды Чет тилдер ПЦКсынын төрайымы Б.Баймырзаева тапшырып, студенттерге каалоо-тилектерин айтып, окууларына ийгилик каалады