Иш берүүчүлөр менен кызматташтык

Жалал-Абад мамлекеттик университетинин Жалал-Абад педагогикалык колледжинин, чет тили адистигининде “Жалал-Абад педагогикалык колледжи жана иш берүүчүлөрдүн кызматташтыгы” деген темадагы тегерек стол өттү. Иш чарада иш берүүчүлөрдүн кызматташтыгы- бул билим берүү системасындагы маанилүү аспектилеринин бири экендиги белгиленип, иш берүүчүлөр менен чет тили адистигинин окутуучулары биргеликте төмөндөгү маселелерге токтолуп талкуу жүргүзүп, ой пикир, сунуштар айтылды:
*Жалпы практикалардын (окуу,педагогикалык,мамлекеттик) жумушчу программаларын,жол карталарын тааныштыруу жана талкулоо(өзгөртүү, толуктоо киргизүү).
*Студент практиканттын мектептеги көгөйлөрү (талкулоо, ой кикир, сунуштар).
*Мектептерге практикантарды жайгаштыруудагы кыйынчылыктар.
*Мектептеги өндүрүш жетекчинин жумушчу программасы (окуу, педагогикалык,мамлкеттик).
Бул иш чара иш берүүчүлөр менен колледждин ортосундагы кызматташтыкты бекемдөөгө багыт берди. Иш берүүчүлөр жумушчу программа, жол карталар боюнча кеңири маалымат алып сунуштарды айтышты.