1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Жалал-Абад педагогикалык колледжи
  4. Жаңылыктар

2 месяца назад

90

Тажрыйба алмашуу - мыкты натыйжа

Жалал-Абад педагогикалык колледжинин МЧББ адистигинде 6- март күнү мобилдүүлүк болуп өттү. Колледжге Ош МПУнун мектепке чейинки билим берүү кафедрасынын окутуучусу Тургунбаева Жамал Аскаровна келип, МЧББ б,к 2-22 тайпасынын студенттерине "Дене тарбиянын усулу" дисциплинасынан " Эрте жаш курактагы балдарга массаждуу көнүгүүлөр берүү ыкмасы" деген темада мастер класс өтүп берди.

Мастер класс практикалык көнүгүүлөр менен жандуу жана кызыктуу уюштурулду. Студенттер мектепке чейинки курактагы балдарга берилүүчү массаждын түрлөрү, дозасы боюнча маалыматка ээ болушуп, массаждын балдарга пайдасы жана каршы көрсөтмөлөрү тууралуу түшүнүк алышты. Мындан сырткары Жамал Аскаровна атрибуттар менен, жип менен көнүгүүлөрдү да студенттерге көрсөтүп, баш катырмаларды да ойнотту. "Дене тарбиянын усулу" дисциплинасы МЧББ б,к2-22 тайпасына 5- семестр уюштурулган. Бул мастер класстан студенттер алган билимдерине кошумча пайдалуу, жаңы жана кызыктуу билимге ээ болушту.