1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Жалал-Абад педагогикалык колледжи
  4. Жаңылыктар

2 месяца назад

399

Жумуш ордунда окутуу, жаны маалыматтарды алуу

Жалал-Абад педагогикалык  колледжинин чет тилдер ПЦКсынын окутуучусу Кубатбек кызы Элзада чет тили адистиги АТб-2-22 тайпасы менен билгеликте жумуш ордунда окутуу боюнча ЖАМУнун “Бизнести өнүктүрүү жана жаштарды колдоо” борборунда  болушту.

Жумуш ордунда окутуу  өлкө таануу дисциплинадан өтүлдү. Окутуучу студенттерге англис тилдүү мамлекеттердин маданиятын, каада-салтын, ар бир мамлекеттин өзгөчөлүктөрүн айтып, кызыктуу сабак өтүп берди.

Сабакты студенттердин кызыгууларына карап, ар түрдүү тапшырмалар жана суроолор берилди. Ошондой эле темага байланышкан видео, сүрөттөрдү интерактивдүү досканын жардамы менен көрсөтүп кызыктырды. Сабактын акырында “Бизнести өнүктүрүү жана жаштарды колдоо” борборунун жетекчиси Б. Алымкулов  борбор жана “Стартап” боюнча  маалымат берип, пайдалуу жактарын жана студенттер үчүн көп мүмкүнчүлүктөр бар экенин айтып кетти. Студенттерди сабактан тышкары бош убактыларын ушул борборго келип, өздөрүн ар тараптуу өнүктүрүүсү үчүн ар кандай шарттар бар экенин  кошумчалап өттү.

Жыйынтыгында  студенттер сабак өтүү менен биргеликте өздөрүнө пайдалуу болгон маалыматтарды да алышып, ар кандай мотивациялык ойлор менен шыктанып кайтышты. Бул жолку жумуш ордунда окутуу студенттер үчүн абдан пайдалуу болду деп айтсак болот.