"Асылзат дүйнөнүн көркү"

ЖАПКнын башталгыч класстарда окутуу жана кыргыз тили ПЦКнын БКМ к-02-23 тайпасы 8-март Аялдардын эл аралык күнүнө карата ,,Асылзат дүйнөнүн көркү"деген темада куратордук саат болду. Студенттер окутуучулар үчүн ыр, бий, кызыктуу оюндарды арнашты. Ардактуу энелер асылзат айымдар!!!Сиздерди жаз мезгили менен кошо кирип келген 8-март Аялдардын эл аралык күнү менен чын жүрөктөн куттукташты! Бул кун -сүйүүнүн, назиктиктин жана боорукерликтин символу.Аялзатынын мээримине акылмандыгына талыкпас эмгегине таазим кылабыз.Энелер үй-бүлөнүн куту, коомдун таянычы жана жашоонун көркү болуп келесиздер.Энелердин боорукерлиги чексиз сабырыныздар жүрөгүңүздөрдүн жылуулугу дүйнөнү кооздоп,жашоого күч кубат берет. Ар дайым бакытка балкып, ден соолукта, сүйүктүү жар, мээримдүү эне , сыйлуу болуп жүрө бериниздер