1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Жалал-Абад педагогикалык колледжи
  4. Жаңылыктар

2 месяца назад

91

Окуу жайдагы жаңы мүмкүнчүлүктөр

Жалал-Абад педагогикалык колледжинин чет тилдер ПЦКда, чет тил адистигинин 2-3 курстарынын студенттерине конок лекциясы өткөрүлдү. Конок лекциясын, студенттерге билим берүү иш-чараларына, насаатчылыкка жана жаштардын өнүгүүсүнө көмөктөшүүчү коомчулукту түзүү программаларына катышууга мүмкүнчүлүк берген Глобалдык ишкердикти өнүктүрүү борборунун (GEDC) насаатчылары өткөрүштү. Жолугушууда борбордун ишмердүүлүгүнүн негизги багыттары жана чет тил адистигинде окуган студенттер үчүн жайкы лагерди түзүү идеясы айтылды. Студенттерди жайкы лагерь уюштуруу, лагердин программасы, маданий алмашуу жана лидерлик боюнча маалыматтар кызыктырды. Ошондой эле студенттерге стандарттуу эмес чечимдерди издөөгө үндөгөн интерактивдүү тапшырмалар берилди, мында студенттер өздөрүнүн чыгармачылык жөндөмдүүлүгүн көрсөтө алышты. Конок лекция кызыктуу жана жемиштуу болду.