"Аялзат тагдыры - Ата Журт тагдыры"

Гул ачылат жаз демине багынып,
Кыш да кетти жаз келди деп таарынып
Жаз илеби шаттык кошуп ааламга,
Майрам келди айымдарды сагынып.
Кызыл-тазыл гул жайнаган адырлар.
Аялзаттын деми менен гул жайнар,
Тизе бугуп ийилемин силерге,
Майрамынар куттуу болсун айымдар.
Жаздын келиши менен аял затынын да майрамы келет эмеспи, ушул майрамды утурлай Жалал –Абад педагогикалык колледжинин башталгыч класстарда окутуу жана кыргыз тили ПЦКсынын БКМ-б- 3- 22 тайпасында "Аялзат тагдыры- Ата Журт тагдыры" аттуу ачык тарбиялык саат уюштурулду. Студенттер тарабынан энелерди даңазалоо ырлары жаңырып, бий менен коштолду. Куратору М.Досалиева аял затынын жашоодогу орду, коомдогу аткарган жумушу тууралуу кыска баяндама жасады.