Жалал-Абад шаарындагы мектептер менен кызматташуу

Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин Жалал-Абад педагогикалык колледжинин Башталгыч класстарда окутуу адистигинин 2-курсунун БКМб-2-23(9), БКМк-01-02-03-04-05-24(11), БКМк-2-3-4-5-6-7-23(9) тайпаларынын студенттери 3-марттан 15-мартка чейин өтүүчү окуу-таанышуу практикасын өтөгөнү Жалал-Абад шаарынын жана Сузак районунун мектептерине окуу жайдын практика жетекчилери тарабынан жайгаштырылды. Мектеп жетекчилери тарабынан биздин студенттер жылуу кабыл алынды жана башталгыч класстарга бөлүштүрүлүп, практиканы ийгиликтүү өтөөгө шарт түзүп беришерин билдиришти.