“Эне тил – улут уңгусу”

Б. Осмонов атындагы ЖАМУнун Жалал-Абад педагогикалык колледжинде Кыргыз Республикасында жашаган улуттардын ынтымагын бекемдөө, алардын эне тилин, маданиятын жайылтуу жана 21-февраль – Эл аралык эне тил күнүн белгилөө максатында Чет тилдер ПЦКсында жыйынтыктоочу “Эне тил – улут уңгусу”- деген темада дилбаян жазуу конкурсу болуп өттү. Дилбаянга АТк-5-6-7-23 тайпаларынын студенттери катышты. Дилбаянда студенттер тил жөнүндө өздөрүнүн ойлорун, азыркы учурдагы тилдердин абалын жана жаштардын тилге болгон көз караштары жөнүндө кенен жазышкан.
Жыйынтыгында окуу жай тараптан дилбаяндын маанисине жана мазмунуна карап, текшерилип, жакшы жазган студенттерди Ардак грамоталар менен сыйлашты.
Бүгүнкү жыйынтыктоочу иш чара студенттерди терең ойлонууга жардам берди деп айта алабыз.