МЧББ адистигинде окуу практикасына жөнөтүү конференциясы

Бүгүн 26.02.2025-жылы Жалал-Абад педагогикалык колледжинин МЧББ адистигинин МЧББб-2-23, МЧББк-2-23 тайпаларынын студенттерин окуу практикасына жөнөтүү конференциясы болуп өттү. Окуу практикасы графикке ылайык үстүбүздөгү жылдын 03.03.2025-15.03 2025-ж чейин шаарыбыздагы №19 “Коңгуроочо”, №23 “Билимтай”, №33 Ак-Бермет, №7 “Малышка”, №1 Н. Крупская атындагы мектепке чейинки билим берүү уюмдарында уюштурулат.
Конференцияга Б.Осмонов атындагы ЖАМУнун карьераны өнүктүрүү жана ӨПны уюштуруу бөлүмүнүн адиси Н.С.Жолдошалиева, ЖАПКнын өндүрүштүк окуу иштери
боюнча директордун орун басары: Ү.Т.Кайкиева, МЧББ ПЦКсынын төрайымы А.Б.Маматова, МЧББ ПЦКсынын практика жетекчилери: А.К. Кыргызбаева, А.М. Мамасалиевалар катышышты. Жөнөтүү конференцияда окуу практикасынын максат милдеттери, жол карта, практиканын аягында студенттер толтуруп келүүчү отчет, күндөлүк, мүнөздөмө сыяктуу иш кагаздарынын ар бирине токтолуп, кандай тартипте жазылуусу зарылдыгы ачык, даана студенттерге жеткирилди. Ошондой эле студенттер техникалык коопсуздук эрежелери менен таанышып, мектепке чейинки билим берүү уюмдарына алып баруучу санитардык китепче, кийимдерди даярдап буткөдүктөрүн билидришти. Конференциянын аягында ар бир студент бөлүнгөн МЧББУ угузулду.