1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Жалал-Абад педагогикалык колледжи
  4. Жаңылыктар

2 месяца назад

48

Академиялык мобилдуулук - актуалдуу заман талабы

Бул академиялык мобилдүүлүк программасы студенттер менен окутуучулар үчүн кесиптик өнүгүүнүн, илимий изилдөөлөрдүн жана маданий тажрыйба алмашуунун маанилүү мүмкүнчүлүгү болуп саналат. Жалал-Абад педагогикалык колледжинин чет тили адистигинин окутуучулары жана студенттери менен Жалал-Абад шаарындагы К.Ш. Токтомаматов атындагы Эл аралык университеттин Гуманитардык-экономикалык колледжинин жана Заманбап эл аралык университетинин колледжинин өкүлдөрү арасында уюштурулган бул иш-чара билим берүү сапатын жогорулатууга багытталган.

Мындай академиялык мобилдүүлүк программалары окутуучуларга жаңы методикалык ыкмаларды үйрөнүүгө, студенттерге болсо чет тилдерди тереңирээк өздөштүрүүгө жана кесиптик даярдыгын жогорулатууга шарт түзөт. Ошондой эле, бул программалар ар кандай билим берүү мекемелеринин ортосундагы кызматташтыкты чыңдап, дүйнөлүк билим берүү стандарттарына интеграция болууга жардам берет.

Бул сыяктуу демилгелер мындан ары да уланып, билим берүү тармагында натыйжалуу өнүгүүгө өбөлгө түзөт деп ишеним артууга болот.