«Эне тили болбосо, аты аталбайт улуттун»

Тил жоголбойт, жоголсо, жоголот дил,
Уулуң дагы, кызың да жоголот, бил!
Тил жоголбойт, жоголсо айланасың,
Колу-бутсуз мунжуга тоголок бир!
2021-2026-жылдары Кыргыз Республикасында Кыргыз Жараны деп жарандардын өзүн таануусун өнүктүрүүнүн концепциясын аткаруунун алкагында жана “21-февраль-Бүткүл дүйнөлүк эл аралык эне-тил күнүнө” карата ЖАПКнын чет тили адистигинин КАТк-2-23 тайпасынын студенттери «Эне тили болбосо, аты аталбайт улуттун» - деген темада тарбиялык ачык саат уюштурушту.
Тарбиялык ачык сааттын максаты студенттерди өз мекенине, элине, эне тилине болгон сый-урматты кеңейтүү менен бирге, көп тилдүү билим берүүгө багыт берүү, элдер жана улуттар аралык достук мамилелерди чыңдоо.
Студенттер кыргыз, орус, англис, немец, кытай тилдеринде саламдашуу айтышып, түрдүү улуттун түрдүү тилдерин даңктап көркөм окууларды окушту. Биздин студенттер өздөрүнүн таланттарын көрсөтүшүп, жеке номерлерди жогорку денгээлде чеберчилик менен аткарыштыдеп билдирди бул тайпанын куратору Женалиева З.А.