"Тилим менен улуумун"

“Бирге жүрөм, эне тилин кадырлайм.
Бул тил менен иштейм, суйлойм, ыр ырдайм.
Башка тилди жандай жакшы көрсөм да,
Эне тилди сүйгөнүмдөн жаңылбайм.”
21-февраль Бүткүл дүйнөлүк Эл аралык эне тил күнүнө карата Жалал-Абад педагогикалык колледжинин Башталгыч класстарда окутуу жана кыргыз тили ПЦКсынын окутуучулары Н.Исираилова, С.Козубаева, А.Ажикуловалар тарабынан "Тилим менен улуумун" аталышында иш-чара уюштурулуп, жогорку деңгээлде белгиленди. Бул күнү студенттер арасында дилбаян жазуу, сүрөт тартуу жана "Бий аркылуу биримдик" темасында бий конкурстары өткөрүлдү.
Эне тил – улуттун жан-дүйнөсү, руханий байлыгы жана маданияты. Ошондуктан бул күн өзгөчө мааниге ээ болуп, студенттердин эне тилине болгон сүйүүсүн, анын өнүгүүсүнө кошкон салымын даңазалоого багытталды.
Иш-чаранын жүрүшү:
Студенттер “Тилим менен улуумун” темасында дилбаян жазып, эне тилдин улуулугун, анын коомдогу ордун жана ар бир адам үчүн баа жеткис мурас экенин чагылдырган ойлорун баяндашты. Жеңүүчүлөр мыкты мазмундуулугу, тил байлыгы жана көркөмдүүлүгү менен айырмаланды.
Жаш сүрөтчүлөр эне тилдин улуулугун көркөм образдар аркылуу чагылдырып, ар түрдүү сүрөттөрдү тартты. Ар бир чыгарма эне тилдин кооздугун жана улуттук баалуулуктар менен тыгыз байланышкандыгын көрсөттү.
Иш-чаранын өзгөчө кооз бөлүгү – бий конкурсу болду. Студенттер улуттук бийлерди аткарышып, ар улуттун маданиятын бий өнөрү аркылуу даңазалашты.
Иш-чаранын жүрүшүндө катышуучулар эне тилинин маанилүүлүгүн дагы бир ирет сезип, аны даңазалоо жана сактоо боюнча ойлорун бөлүшүштү.
Жыйынтыгында конкурстарда мыкты деп табылган студенттер дипломдор менен сыйланышты.