1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Жалал-Абад педагогикалык колледжи
  4. Жаңылыктар

2 месяца назад

93

«Эне тилим – түбөлүктүү тирегим, Эне тилим- эч соолбос мүрөгүм»

Б. Осмонов атындагы ЖАМУнун Жалал-Абад педагогикалык колледжинде КРда жашаган улуттардын ынтымагын бекемдөө, алардын эне тилин, маданиятын жайылтуу жана 21-февраль – Эл аралык эне тил күнүн белгилөө максатында Чет тилдер ПЦКсында Фестиваль - ыр майрам болуп өттү. Фестивалга катышкандар АТк-01-24, АТк-02-24 жана АТк-03-24 тайпалары, даярдаган кураторлор Б. Батыралиева, Г. Маткасымова жана Г. Абдыканова болду. Ыр майрамда студенттер тилди сүйүүгө үндөгөн ырларды, сахналык көрүнүштөрдү көрсөтүштү. Ошондой эле эл аралык тилдердин ынтымагын чындаган флешмоб бийлешти.

Жыйынтыгында окуу жай тараптан активдүү катышкан тайпалар Ардак грамоталар менен сыйланышты.

Бүгүнкү иш чара жогорку деңгээлде өтүп, студенттер үчүн да кызыктуу болду.