"Тил- улуттун руханий байлыгы"

Б.Осмонов атындагы ЖАМУнун Жалал-Абад педагогикалык колледжинин окутуучулары У.Кайкиева, А.Ажикулова Башталгыч класстарда окутуу адистигинин студенттери менен биргеликте Жалал-Абад областтык китепканасында 21-февраль Бүткүл дүйнөлүк эне тил күнүнө карата өткөрүлгөн "Тил- улуттун руханий байлыгы" аттуу майрамдык иш-чарага катышышты. Иш-чаранын жүрүшүндө К.Тилеекев ,Татар башкыр коомдук бирикмесинин төрайымы Э.Алимжанова жана Жалал-Абад шаардык этностор аралык коомдук бирикмесинин жооптуу катчысы Т. Караевдер куттуктоо сөздөрүн айтышты. Студенттер ар улуттун тилдеринде көркөм окууларды айтып, обондуу ырларды, улуттук бийлерди аткарышты. Китепкана кызматкерлери акындардын эне тил жөнүндө ырларынан көркөм окушту. Ар түрдүү улуттардын тилинде достукка , ынтымакка чакырган ой-пикирлери менен бөлүшүштү. Активдүү катышуучуларга китепкана тарабынан Алкыш баракчалары тапшырылды.