“Эне тилим – мурасым”

Б. Осмонов атындагы ЖАМУнун Жалал-Абад педагогикалык колледжинде КР жашаган улуттардын ынтымагын бекемдөө, алардын эне тилин, маданиятын жайылтуу жана 21-февраль – Эл аралык эне тил күнүн белгилөө максатында Чет тилдер ПЦКсынын окутуучулары Шукурова Айтурган АТб- 2-23 тайпасына “Эне тилим – мурасым”, Ташматова Назира АТк-2-23 тайпасына “Тилим менен – улуумун” деген темада ачык тарбиялык сааттарды өтүштү. Тарбиялык саатта эне тилдин орду, улуу инсандардын тил тууралуу айткан насааттары жана тилди сүйүүгө үндөгөн кызыктуу баяндар айтылды.Студенттер ар түрдүү тилдерде саламдашып, ар бил тилдин өзгөчөлүгүн айтышып, чыгармачылык өнөрлөрүн тартуулашты. Тил жөнүндө ырлары, бийлери жана көркөм окуулары тарбиялык саатка көрк кошуп, өзгөчө маанай тартуулады.
Жыйынтыгында кураторлор студенттерге эне тилдин ыйыктыгын жана аны сактоо ар бир адамдын парзы экенин айтып, окууларына ийгиликтерди каалады.
Ачык тарбиялык саат жогорку деңгээлде өтүп, студенттер үчүн маанилүү сабак болду