“Улуттун улуу инсаны”

Раззаковдун 115- жылдыгына карата Жалал-Абад областтык китепканасынын абонемент бөлүмү тарабынан “Улуттун улуу инсаны” деген темада эскерүү кечеси өткөрүлдү. Кеченин максаты келечек муундарды тарбиялоодо улуу инсандардын аткарган иштерин унутта калтырбай эскерүү.
Бул кечеге чакырылган коноктор:
1.Тарых илимдеринин кандидаты, К.Ш.Токтомаматов унверситетинин профессору Дүйшеев Жеңишбек Аматысакович.
2. Жалал-Абад жаштар уюмунун жетекчиси Чаршенов Салих.
3. Б. Осмонов атындагы ЖАМУнун Жалал-Абад педагогикалык колледжинин жалпы билим берүү ПЦКсынын тарых окутуучулары У. Абдрашева, А. Жороева.
4. Студенттер, окурмандар.
Кече КРнын гимнин угуу менен башталды. Андан соң алып баруучу, сөздү областтык китепкананын директору Аталиева Сейылкан Самиевнага берилди. Ал өз сөзүндө китепкана баардык окурмандар үчүн дайыма эшик ачык экенин айтып өтүп, кечени ачык деп жарыялады. “Өлгөндөр эстелбесе -тирүүлөр баркталбайт” деп элибизде айтылгандай, өз доорунда Исхак Раззаковдун кыргыз тилин, маданиятын жана тарыхын өнүктүрүү багытында кылган иштери боюнча тарых илимдеринин кандидаты, К.Ш.Токтомаматов унверситетинин профессору
Дүйшеев Жеңишбек Аматысакович агайга сөз берилип мыкты маек куруп берди. И. Раззаковдун өмүр баяны, аткарган иштери боюнча маалымат айтып өттү.
Б. Осмонов атындагы ЖАМУнун Жалал-Абад педагогикалык колледжинин жалпы билим берүү ПЦКсынын тарых окутуучулары У. Абдрашева “И.Раззаковдун мезгилиндеги илим билимдин өнүгүшү” деген темада кызыктуу маек куруп берди. А. Жороева эжеке “И.Раззаковдун маданиятка кошкон салымы жана кызыктуу фактылар” боюнча маалымат айтып берди.
Китепкананын кызматкерлери тарабынан И.Раззаковдун жасаган эмгектери жана кызыктуу фактылар боюнча эң сонун видео материалдар коюлду, о.э И.Раззаковдун жазган ырларын көркөм окуп беришти. Келген окурмандар өз суроолорун берип, жоопторду ала алышты.
Кеченин соңунда келген конокторго ыраазычылык билдирип, ардак грамоталарын тапшырышты