“Тил билсең -дил билесиң” аталышындагы иш чаралардын жыйынтыктоочу сахналык корунуш болду
Б.Осмонов Атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин ЖАПКнын чет тилдер ПЦКсында, окутуучулардын жана студенттердин педагогикалык чыгармачылыгын арттыруу максатында уюштурулуп жаткан педагогикалык жумалыктын алкагындагы “Тил билсең -дил билесиң” аталышындагы иш чаралардын жыйынтыктоочу сахналык көрүнүшү болду.
Бул иш чарада студенттер кыргыз,өзбек,англис,кытай тилдеринде ырларды, сахналык көрүнүштөрдү,улуттук бийлерди көргөзүштү. Иш - чараны ЖАПКнын директору Маматумаров Абубакир Таштемирович ачып берди. Өз сөзүндө Абубакир Таштемирович англис жана кытай тилин жөн эле үйрөнбөй ушул тилде сүйлөгөн элдердин каада салтын, үрп адаттарын билүү маанилүү экендигин белгилеп кетти!
Иш чараны уюштурган Маткасымова Гулбарчын, Бакирова Аида, Батыралиева Бермет, Кубатбек кызы Элзадалар жана кураторлорго чон ыразычылык !