1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Жалал-Абад педагогикалык колледжи
  4. Жаңылыктар

6 месяцев назад

119

“Улут башаты, тил жана тарых” аттуу студенттердин арасында эссе жазуу боюнча иш чара өткөрүлдү

2024-жылдын 5-декабрында Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университети, Жалал-Абад педагогикалык колледжинде, Жалпы билим берүү ПЦКна караштуу тарых окутуучулары тарабынан  Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнө 100 жыл, азыркы Кыргыз мамлекеттүүлүгүн түптөгөн аталар (Абдыкерим Сыдыков, Иманалы Айдарбеков, Жусуп Абдрахманов, Абдыкадыр Орозбеков, Ишеналы Арабаев), советтик партиялык жана мамлекеттик ишмер И.Айдарбековко 140,  жылдыгына арналган “Улут башаты, тил жана тарых” аттуу   студенттердин арасында  эссе жазуу боюнча иш чара өткөрүлдү .

Быйыл биз 2024-жыл Кыргызстандын Кара-Кыргыз автономиялуу облусу катары түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгын – бир кезде жоголгон кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн жанданышын белгилеп жатабыз. Анын кайра жаралуу жолу курч саясий күрөш менен коштолуп, узак жана татаал болгон.

“Бүгүнкү мамлекетибиз байыркы мезгилден бери кыргыз жерин көздүн карегиндей сактап жана коргоп келген улуу ата-бабаларыбыздын акылмандыгынын жана баатырдыгынын жемиши болгон. Өзүнүн узак тарыхый жолунда Кыргыз мамлекети бирде күч алып, бирде чачылып, ошону менен бирге Борбордук Азияда өзүнүн татыктуу ордун жоготкон эмес.” – деп Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 24-октябрындагы № 270 “Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгын белгилөө жөнүндө” Жарлыгында айтылат.

   Ушул жарлыктын негизиндн Кыргыз элинин тээ илгертеден бери эле эл болуп, улут болуп тилибизди жоготпой мамлекеттүүлүгүбүздү сактап ушул күнгө жетип келген кыргыз элинин тарыхынын  уулуулугун даңазалоого уюштурулду. Ошондой эле алгачкы мамлекеттүүлүгүбүздүн түзүлүшүнө салым кошкон инсандарды унутта калтырбастан кийинки муундарыбызга, Ата Мекен үчүн жан күйгөн патриот инсандарды тарбиялоо максатында өткөзүлдү.

  Бул иш чаранына башталышында  Жалпы билим берүү ПЦКнын башчысы  Г.Токтоматова жана тарых окутуучусу Ч.Токтосунова  А.Жороева эжекелер сөз суйлошүп  ушул иш чаранын максатын айтып өттү о.э. студенттерге окууларына ийгиликтерди  каалап кетишти.  Тарых окутуучулары А.Калчакеева. Э.Осмонова тарабынан даярдалган виде слайд көрсөтүлдү, андан соң иш чарага келген студенттер өздөрүнүн эң мыкты даярдыктары менен катышып  өз талантарын, билимдерин көргөзүшүп жазып келген эсселери боюнча презентация жасашты. Алардын арасынан эң жакшы мыкты эссе жазган студенттер төмөндөгү студенттер:

Атб-2-24 тайпасынан Адылова Акмөөр

Атк-03-24 тайпасынан  Исабаева Сайкал

БКМк-7-24 Темирова Райимбү.

Атк-3-24 тайпасынан Сатарова Элвира.

Атк-5-24 тайпасынан Камилова Умидабону

КАТк-3-23  тайпасынын Касимова Базаргүл

БКМб-2-24 тайпасында Алишерова Элсинай.

   Жыйынтыгында I даражадагы диплом менен эки судент АТк-03-24 тайпасынан Исаева Сайкал даярдаган окутуучусу Осмонова Элиза.  АТк-5-23 тайпасынан Камалова Умидабону даярдаган окутуучусу Калчакеева.Айдай.

 II даражадагы диплом менен АТб-2-24 Адылова Акмөөр даярдаган окутуучусу Тайшынова Атыргүл.

III даражадагы диплом менен БКМб-2-24 Алишерова Элсинай даярдаган окутуучусу Осмонова Элиза

“Мыкты доклад жазгандыгы үчүн” ДТк-3-24 тайпасынан Шералиев Бегмамат даярдаган окутуучусу Жороева.Алмагүл ушул студенттер эң мыкты  даярданып катышкандыгы үчүн ушундай орундар менен сыйланышты.