STEAM программасы мектепке чейинки билим берүү уюмдарында

Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университети Жалал-Абад педагогикалык колледжинин мектепке чейинки билим берүү адистигинде болуп жаткан жумалыктын алкагынада 2-курстун студенттерине “STEAM программасы жана аны менен иштөө жолдору» аттуу темада 2024-жылдын 5-декабрында конференция уюштурулду.
Конференцияга шаарыбыздагы «Жоогазын» мектепке чейинки билим берүү уюмунун усулчусу К.Э.Кармышакова, Ж.К.Малабековалар чакырылды.
Конференцияны Жалал-Абад колледжинин директору А.Т. Маматумаров ачып ийгиликтерди калоо менен бирге студенттерге эң жакшы мүмкүнчүлүктөр түзүлгөндүгүн айтып өттү. Колледждин адис окутуучулары А.К. Кыргызбаева, АМ. Мамасалиева, А.Б. Маматовалар да азыркы учурдагы билим берүунүн жаңы технологияларын колдонуу заман талабы экендигин белгилешип, кызыктуу доклад жасашты. «Жоогазын» мектепке чейинки билим берүү уюмунун усулчусу К.Э.Кармышакова, Мектепке чейинки билим берүү уюмдарында “STEAM прорграммасы жана аны менен иштөө жолдору» деген тема боюнча слайд көрсөтүп, Стем программанын 6 бөлүмү менен тааныштырды. Стем программасында колдонулуучу оюнчуктарды, тажрыйба жүргүзүүгө арналган куралдар менен студенттер өздөрү да практика жүзүндө колдонуп көрүштү. Конференциянын аягында студенттер өздөрү каалаган суроолорду беришип жоопторду алышты. Конференция өз ишин ийгиликтүү аяктады.