1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Жалал-Абад педагогикалык колледжи
  4. Жаңылыктар

6 месяцев назад

151

Мектепке чейинки билим берүү адистигинде алыскы райондо практикада жүргөн студенттердин ачык сабактары

2024-жылдын 04.11-14.12 аралыгында педагогикалык практикасын өтөөгө Жалал-Абад областынын Сузак районунун Жерге-Тал айылынын “Ак-Тилек 2” мектепке чейинки билим берүү уюмунда практикасын өтүп жаткан МЧББ-б,к 2-(22) тайпасынын студенти Усубалиева Курванжан  25-ноябрь күнү “Көркөм өнөр, ийлеп чаптоо, конструкциялоо” сабагынан жогорку тайпанын тарбиялануучуларына “Менин өлкөм, менин шаарым, айылым” деген темада ачык сабак өтүп берди. Ачык сабакка ЖАПКнын  өндүрүштүк окуу иштери боюнча директордун орун басары Ү.Т. Кайкиева, МЧББ адистигинин окутуучусу А.М. Мамасалиева барып катышып келишти. Студент сабакка чейин керектүү материалдарды, көрсөтмө куралдарды мыкты даярдаган. Практикант балдарды топтордо иштетип, тапшырмаларды кыска жана так берүүгө аракеттенди. Жаңы теманы түшүндүрүп сабакты бышыктап, мыкты катышкан балдарды белгилеп, сабакта жагымдуу маанай жарата алды. К. Усубалиева кадимки тарбиячыдай сабакта өзүн эркин сезип, бүт дитин коюп иштегени байкалды.   

    Ал эми 26.11.2024-жылы Базар-Коргон  районунун Арстанбап айыл аймагында жайгашкан №19 “Булбулча” мектепке чейинки билим берүү уюмунда педагогикалык практикасын өтөп жаткан  МЧББ-б,к 2-(22) тайпасынын дагы бир студенти Авхунова Феруза орто тайпанын балдарына “Кеп өстүрүү” сабагынан “Үй жаныбарлары” деген темада ачык сабак өтүп берди. Сабак КР гимни менен башталып, балдарга сырттагы аба-ырайына байкоо жүргүзүү менен уланып жаңы темага киришүү менен коштолду. Студент сабак өтүү учурунда сүрдөп, тартынса да сабакты максатына жеткирүүгө аракеттенди. Балдар чарчаганда килемге отургузуп, физкультминутка жасатып аларга жагымдуу психологиялык атмосфера жаратууга аракет жасады. Сабак аяктаганда студентке ачык сабак боюнча анализ берилип, кетирген кемчиликтер боюнча айтылды.