"Келечекке бүгүндөн кам көрөлү"
ЖАМУнун педагогикалык колледжинин МЧББ адистигинде окуган студенттер үчүн "Келечекке бүгүндөн кам көрөлү" аталышындагы жумалыктын негизинде 3-декабрь күнү шаардагы ✓19 "Коңгуроочо" МЧББУнун улуу тарбиячылары Базаркулова Ж.Б., Саримсакова А.Г. жана усулчу Момбекова Ж.Т. менен тарбиячынын бейнеси, кесиптин жоопкерчилиги, артыкчылыктары тууралуу маек уюштурулду. Азыркы учурдагы тарбиячыга коюлган талаптар жана методикалык ыкмалар жөнүндө талкуулашты. Студенттерди кызыктырган суроолорго жоопторду алышты