1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Жалал-Абад педагогикалык колледжи
  4. Жаңылыктар

2 месяца назад

50

1

АКЫЛДУУЛАР АРАЛЧАСЫ

  2024-жылдын 27-ноябрында Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин Жалал-Абад педагогикалык колледжинде “Билим болбой илим болбойт” аттуу педагогикалык жумалыгынын алкагында  психология  предмети  боюнча  «Акылдуулар  аралчасы» таймашы өткөрүлдү. Бул тууралуу аталган колледжден билдиришти.

Уюштуруучулардын айтымында таймашка “Башталгыч класстарда окутуу”, “Чет тили” (англис тили)     жана “Кытай тили” адистигинде окуган студенттер катышышкан. Иш-чаранын максаты студенттердин психология предметинен алган билимдерин, көндүмдөрүн  калыптандыруу, иш жүзүндө колдонууга үйрөтүү.

Ал эми таймашка катышкан студенттер төрт топто төмөндөгүдөй тапшырмаларды аткарышты:

1.     Блиц турнир

2.     Равен тести

3.     “Позитивдүү мугалим”  деген темада ролик көрсөтүү

4.     Конфликттүү кырдаалдарды ролдоштуруп, көрсөтүп берүү

   Таймаштын жыйынтыгында  катышуучулар дипломдор жана кызыктыруучу  сыйлыктар  менен сыйланышкан. Келген коноктор жогорудагы маалыматтарды турмушта пайдалануу керек экендигине, иш-чара  өз максатына жеткендигине токтолушту.

Иш чараны  Досалиева М., Пахирдинова Л., Жумабаева Д., Бакеева Н. уюштурушкан.