“Акыл- оошот, Билим-жугушат”
Жалал-Абад педагогикалык колледжинин окутуучусу Г.О.Токтоматова тарабынын ЖАМУнун чоң актылар залында Кыргыз билим берүү тармагынын түптөлгөндүгүнүн 100 жылдыгына жана ЖАМУнун 100 жылдыгына карата аспиранттарга, магистранттарга, студенттерге окумуштуу устаттарды таанытуу жана алардын билим берүүдөгү чыгармачылыктарын үйрөнүү максатында 2024-жылдын 25-ноябрында “Деңгээлдик билим берүү технологиялары” деген темада конок лекция өтүп берди.
Конок лекция баарлашуу форматында уюштурулуп, “Акыл- оошот, Билим-жугушат”аттуу баарлашууга Кыргыз эл жазуучусу п.и.д., профессор Рысбаев Сулайман Казыбаевич негизги конок катары чакырылган.
Ошондой эле, бул иш-чаранын жүрүшүндө окумуштуу Рысбаев С.К. жөнүндө даярдалган слайд көргөзүлүп, андан соң тема боюнча конок лекция өтүлүп, аспиранттарга, магистранттарга, студенттерге кызыктуу, түшүнүктүү деңгээлдик билим берүү боюнча максаттуу окуулар кеңири берилди. Иш-чаранын соңунда келген конокторго сөз берилип, ыраазычылыктар айтылды жана эркин фотосессия болду.