МЧББ АДИСТИГИНДЕГИ БАЗАДАГЫ ИШ ЧАРАЛАР
Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университети Жалал-Абад педагогикалык колледжинин мектепке чейинки билим берүү адистигинде учурда аткарылып жаткан педагогикалык практика мыкты денгээлде өткөрүлуп жатат. Жалал-Абад шаарындагы №19 Конгуроочо, №9 Балакай, №7 Наристе, №23 Билимтай, жана Жалал-Абад мамлекеттик университетинин мектепке чейинки билим берүу уюмдарына жайгаштырылды. Практика учурунда практика жетекчилер А.К.Кыргызбаева, А.Б.Маматова, А.М.Мамасалиевалар барып методикалык жардамдарын берип, учурда пайда болгон кыйынчылыктарын чечүү менен кызуу иш жүрүүдө. Ошону менен биргеликте базадагы аткакрылуучу иш чаралар да колго алынган. Базадагы иш чараларга Б.Осмонов атындагы ЖАМУнун карьераны өнүктүрүү жана ӨПны уюштуруу бөлүмүнүн адиси Н.С.Жолдошалиева, Жалал-Абад педагогикалык колледжинин өндүрүштүк окуу иштери боюча директордун орун басары Ү.Т.Кайкиевалар да катышып келишишти.
2024-жылдын 14-ноябрында №19 Конгуроочо МЧББУда практика жетекчи А.К.Кыргызбаева “Жол карта менен иштөө жана күндөлүк жазуу” деген темада семинар уюштурду. Ал эми А.М. Мамасалиева болсо “Сабакты анализдөө” деген теманы студенттер менен талкуу жүргүздү. 2024-жылдын 21-ноябрында “Сабакка план конспект жазуу” деген темада Жалал-Абад мамлекеттик университетининмектепке чейинки билим берүу уюмунда семинар уюштурду. Бул иш чарада студенттер абдан кызугуу менен талкуулашып, өздөрүнө көптөгөн пайдалуу кеңештерди алышты. Студенттерде пайда болгон суроолор берилип, практика жетекчилери тарабынан жоопторун алышты. Андан сырткары сабак өтүу боюнча атайын графиктер коюлуп, ачык сабактар жумалыгы белгиленди.