1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Жалал-Абад педагогикалык колледжи
  4. Жаңылыктар

2 месяца назад

68

1

ЖАПК ЧЕТ ТИЛИ  АДИСТИГИНДЕГИ БАЗАДАГЫ ИШ ЧАРАЛАР

Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университети Жалал-Абад педагогикалык колледжинин чет тилдер  адистигинде учурда аткарылып жаткан педагогикалык практика  өткөрүлүп жатат.  Практиканттар Жалал-Абад шаарындагы                 №7  О.Усман атындагы  орто мектеби, №6 жалпы билим берүүчү орто мектеби, №13 Р.Азимов атындагы гимназия мектеби, №17  жалпы билим берүүчү орто мектеби, №3 Ж.Бакиев атындагы гимназия мектеби, Жалал-Абад шаары №5 Б.Осмонов атындагы гимназия  мектеби, Жалал-Абад шаары № 14 С.Давлетов атындагы инновациялык  мектеби, “Илим”, “Билим булагы”, “Нур билим ордосу”, №4 гимназия мектеби, №21  Ж.Болотов атындагы орто мектептерине жайгаштырылды. Практика учурунда практика жетекчилер.Б.М.Баймырзаева,Нурита Алымжан кызы, С.К.Малабекова,Б.И.Бекназарова, Г.П.Маткасымова, А.Э.Бакирова, Г.К.Абдыканова,М.К.Мурзалиева,Н.Ташматова, Ж.С.Сыдыкова, Ч.Ш.Момунова, А,Шукуровалар барып  методикалык жардамдарын берип, учурда пайда болгон кыйынчылыктарын чечүү менен кызуу иш жүрүүдө. Ошону менен биргеликте базадагы аткакрылуучу иш чаралар да колго алынган. Базадагы иш чаралар графиктин негизинде  өз убагында өткөрүлүп жатат.

ЖАПКда практика жетекчи Г.К.Абдыканова “Англис тилин окуутудагы көрсөтмөлүү сабак” деген темада семинар уюштуруп өттү.  Ал эми Алымжан кызы Нурита,Ж,Залимбековалар  “Класстык сабакты уюштуруудагы көрсөтмөлүү сабак ” деген темада көрсөтмөлүү сабак өтүп беришти. Өтүлгөн базадагы  иш чарада студенттер абдан кызугуу менен катышып,  өздөрүнө көптөгөн пайдалуу кеңештерди алышты. Студенттер өздөрүнө керектүү ыкмаларды үйрөнүп,сабактын структураларын үйрөнүштү - дейт чет тили ПЦКсынын башчысы Батма Баймырзаева.