1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Жалал-Абад педагогикалык колледжи
  4. Жаңылыктар

2 месяца назад

108

ЖАПК да Мектепке чейинки билим берүү адистигинде жумуш ордунда окутуу.

Бүгүн Жалал-Абад педагогикалык колледжинин мектепке чейинки билим берүү адистигинин МЧББ к-2-(23) тайпасы шаарыбыздагы “Жоогазын” мектепке чейинки билим  берүү уюмуна жумуш ордунда окутууга барып келишити. Студенттер “Дене тарбиянын усулу” дисциплинасынан “Дене тарбия сабагын пландоо” темасынын алкагында “Жоогазын” мектепке чейинки билим берүү уюмунун жогорку тайпасынын тарбиячысы  Г.Р. Токтосунованын “Оюн-эстафета” сабагына күбө болуп келишти. Дене тарбия сабагын уюштурууда киришүү, жаңы тема, көнүгүүлөрдүн ирээттүүлүгүн сактоо жана балдарга кыймылдуу оюндарды ойнотууну студенттер практика жүзүндө көрүп, талкуулап келишти.

  Ошондой эле “Жоогазын” МЧББУнун усулчусу К.Э Кармышакова студенттерди STEAM бөлмөсү менен тааныштырып, бул программа боюнча баяндап берди. Мектепке чейинки билим берүү адистигинин окутуучусу А.М.Мамасалиева жумуш ордунда окутууга уруксат берген “Жоогазын” МЧББУнун администрациясына ыраазычылык билдирди