ЖАПКнын Мектепке чейинки билим берүү адистигинин студенттеринин практикага жайгаштыруу
Жалал-Абад педагогикалык колледжинин мектепке чейинки билим берүү адистигинин студенттерине окуу процессинин графигине ылайык педагогикалык практика 04.11.2024-14.12.2024-ж чейин пландаштырылган. 04.11-күнү шаардагы
ЖАМУнун мектепке чейинки билим берүү уюмуна, №19 “Коңгуроочо” МЧББУ “Наристе” МЧББУ 9 “Балакай”, № 23 “Билимтай” мектепке чейинки билим берүү уюмдарына жайгаштырылды жана студенттер практика жетекчилери өндүрүш жетекчилери менен биргеликте аталган жерлерге жайгаштырылды. Өндүрүш жетекчилери практиканын максат-милдеттери жөнүндө айтты.
Практикага чыгуудан мурда студенттер техникалык коопсуздук жана санитардык-гигиениалык эрежелер менен таанышышты. Бөлүнгөн мекемелерге ар бир студент жол картасы, санитардык китепчеси жана формасы менен барып жайгашышты.