ЖАПК окутуучулардын мобилдүүлүгүн уюштурууда
Б.Осмонов атындагы ЖАМУнун Жалал-Абад педагогикалык колледждинде окуу жайлар менен биргеликте окутуучулардын мобилдүүлүгүн уюштуруу иш-чаралары өтүүдө. Мында академик Б. Мурзубраимов атындагы Эл аралык Өзгөн технологиялык жана билим берүү институтунун мектепке чейинки билим берүү адистигинин окутуучулары жана студенттик жамааттары келип, ЖАПКнын окутуучуларынын иш аракеттерин көрүп, методикалык жана сабак өтүүдөгү жаңы технологиялык окутууларды көрүп, тажрыйба алмашуулар болду. Ал эми студенттер сабактарын биргеликте өтүшүп, масстер класстарга катышышты. Келген конокторго ЖАПКнын директору А.Т.Маматумаров, ЖАПКнын өндүрүштүк окуу иштери боюнча директордун орун басары Ү.Т. Кайкиева жана Б.Осмонов атындагы ЖАМУнун карьераны өнүктүрүү жана ӨПны уюштуруу бөлүмүнүн адиси Н.С.Жолдошалиевалар мобилдүүлүк боюнча өз ой-пикирлери менен бөлүшүштү.
Мобүлдүүлүктүн жүрүшүндө ЖАПКнын окутуучулары А.К.Кыргызбаева, АМ.Мамасалиева, А.Б. Маматова тарабынан конокторго көргөзмөлү сабактар, тегерек столдор уюштурулду. Мобилдүүлүк боюнча жана ар тараптуу кызматташуу багытында эки колледж ортосунда келишим түзүлдү. Моюилдүүлүктүн жүрүшүндө активдүү катышкан студенттерге, кызык сабак, иш-чара өтүп берген окутуучуларга ЖАПКнын ыраазычылык каттары тапшырылды.