1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Жалал-Абад педагогикалык колледжи
  4. Жаңылыктар

7 месяцев назад

195

2

Жалал-Абад  педагогикалык колледжинде  жумуш ордунда окутуу.

Жалал-Абад  педагогикалык колледжинин   мектепке чейинки билим берүү ПЦКсында 31- октябрь күнү МЧББб 2-23 тайпасынын студенттери  шаарыбыздагы “Alfa Kids” балдар нейрокоррекциялык борборуна барып, жумуш ордунда окутууга катышып келишти. Студенттер “Мектепке чейинки педагогика”  сабагынан  “Баланын курактык өнүгүүсүнүн мүнөздөмөсү” темасын жумуш ордунда көрүп келүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту.  Нейрокоррекциялык борбордун усулчу жана логопеди Акюлова  Бактыгул Ураимжановна өз курагына ылайык өөрчүп келе жаткан балдар менен катар эле сүйлөө жана акыл-эс жагынан кечеңдеп өсүп жаткан балдардын саны   көбөйүп жаткандыгын айтып, студенттерге  нормадан кечиккен балдар боюнча да түшүнүк берип кызыктуу талкуу жаратты.Ошону менен бирге тайпанын студенттери логопеддин, сенсордук интеграция адисинин,  массажисттин, реабилитолог адистеринин аткарган жумуштарын көрүшүп  жаны маалыматтарга ээ болушту.МЧББ ПЦКсынын окутуучусу Мамасалиева А. ушундай жолугушууларды дагы да уюштурууну пландады.