1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Жалал-Абад педагогикалык колледжи
  4. Жаңылыктар

3 месяца назад

95

2

Жалал-Абад педагогикалык колледжинде конок лекциялар өтүүдө

Жалал-Абад педагогикалык колледжинин чет тилдер ПЦКсында 3- курстун студенттери менен JDI окуу борборунун англис тили мугалими Жеймис Кларк менен конок лекция уюштурулду. Конок лекциянын темасы “Organic language learning”- Табигый тил үйрөнүү. Бул конок лекциянын максаты англис тилин окутуунун усулдарын студенттерге жана мугалимдерге жайылтуу.

Жеймис Кларк студенттерге англис тилин үйрөнүүнүн жеңил жолдорун айтып угуу, сүйлөө, окуу жөндөмдүүлүктөрүн өздөштүрүүнү сунуштады. Лекция студенттердин суроо-жооптору менен жаандуу өттү. Уюштуруучу окутуучу Женалиева Замира мындай жолугушууну кийинкиге да уюштуруу планы бар экендигин биллирди.