Жалал-Абад педагогикалык колледжинде конок лекциялар уюштурулду.
Жалал-Абад педагогикалык колледжинин иш-пландарына ылайык башталгыч класстарда окутуу адистигинде конок лекция уюштурулду. Ага, К. Ш. Токтомаматов атындагы Эл аралык университетинин үзгүлтүксүз ачык билим берүү институтунун окутуучусу Тынырыкова Мисират Макамбаевна “Билимдүү мугалим- билимдүү коом” деген темада кызыктуу сабак өттү. Сабакта суроо-жооп, тапшырмалар берилип, студенттер сабакка активдүү катышышты. Бул иш чарага ЖАПКнын директору А. Т. Маматумаров, ЖАПКнын окуу өндүрүштүк иштер боюнча директордун орун басары Ү. Т. Кайкиева жана ЖАПКнын Башталгыч класстарда окутуу жана кыргыз тили ПЦКсынын окутуучулары катышып, өздөрүнун жылуу пикирлерин айтышып, сабак жогорку деңгээлде өтүлгөндүгүн баса белгилешти.