1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Педагогикалык колледжи
  4. Жаңылыктар

1 день назад

60

«Карбон кислоталары: түзүлүшү, касиеттери жана практикалык мааниси»

2026-жылдын 27-ноябрында БКМб-3-26 тайпасында химия предметинин окутуучусу Абдыкадырова Рахат Кимсанбаевна органикалык химия предмети боюнча «Карбон кислоталары: түзүлүшү, касиеттери жана практикалык мааниси» деген темада мазмундуу ачык сабак өтүлдү. Студенттер генетикалык байланышты талдап, «Табышмактуу куржун» жана проблемалык суроолор аркылуу активдүү ой жүгүртүштү. Сабактын өзгөчөлүгү катары химиялык билимдер болочок башталгыч класс мугалимдеринин кесиптик ишмердүүлүгү жана «Мекен таануу» предмети менен тыгыз байланыштырылды. Чакан топтордогу иштерде химиялык реакция теңдемелерин жана эсептөөлөрдү аткарып, ошол эле учурда башталгыч класс окуучулары үчүн коопсуздук эрежелерин, жомокторду, сценкаларды жана тажрыйбаларды даярдашты. Жупта жана топто иштөө ыкмалары студенттердин бири-бирин угуу, аргумент келтирүү жана жоопкерчилик алуу көндүмдөрүн өнүктүрдү. Ошондой эле сабакта турмуш-тиричиликтеги заттарды коопсуз колдонуу жана сергек жашоо образы боюнча тарбиялык багытка өзгөчө көңүл бурулду. Сабак соңунда «Чындык же жалган» сурамжылоосу жана «Мугалимдин куржуну» рефлексиясы аркылуу ар бир студент алган билимин жана методикалык табылгаларын бөлүштү. Бул ачык сабак болочок педагогдорго татаал илимий түшүнүктөрдү балдарга жөнөкөй, кызыктуу жана коопсуз жеткирүүнүн натыйжалуу жолдорун көрсөттү.