1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Педагогикалык колледжи
  4. Жаңылыктар

1 день назад

17

Окуу-таанышуу практикасынын уюштуруу конференциясы өткөрүлдү

2026-жылдын 27-ноябрында Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин Педагогикалык колледжинде «Башталгыч класстарда окутуу» адистигинин БКМк 01-26 тайпасынын студенттери үчүн окуу-таанышуу практикасынын уюштуруу конференциясы өткөрүлдү.

Иш-чараны БКМ жана КТ предметтик-циклдик комиссиясынын практика жетекчиси Миңбаева Жайнагүл Анваровна жана практика жетекчилери Маккамбай кызы Райкан, Пахирдинова Лачынай Абдугапаровна, Козубаева Сабира Омурзаковналар тарабынан уюштурулду.

Конференциянын жүрүшүндө окуу-таанышуу практикасынын максаты, милдеттери, мазмуну жана аны өткөрүүнүн тартиби тууралуу кеңири маалымат берилди. Ошондой эле студенттерге практиканын жүрүшүндө аткарылуучу иштер, практикалык тапшырмалар, документтерди жүргүзүү жана практика учурунда сакталуучу талаптар боюнча түшүндүрмөлөр берилди.

Практика жетекчилери студенттерге теориялык билимдерин практика менен айкалыштыруу, кесиптик көндүмдөрүн калыптандыруу, билим берүү мекемесинин ишмердүүлүгү менен таанышуу жана келечектеги мугалимдик кесипке жоопкерчиликтүү мамиле жасоо боюнча багыт беришти.

Уюштуруу конференциясы студенттердин алдыдагы практикалык ишмердүүлүгүнө багыт берип, алардын кесиптик даярдыгын өркүндөтүүгө жана мугалимдик кесиптин өзгөчөлүктөрүн тереңирээк түшүнүүсүнө өбөлгө түздү.