1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Педагогикалык колледжи
  4. Жаңылыктар

10 часов назад

6

Окуу практикасына жөнөтүү конференциясы өткөрүлдү

Педагогикалык колледжинин Мектепке чейинки билим берүү ПЦКсында студенттерди окуу практикасына жөнөтүү боюнча конференция өткөрүлдү.

Иш-чаранын жүрүшүндө студенттерге окуу практикасынын максаты, милдеттери, уюштурулушу жана практика учурунда аткарылуучу тапшырмалар тууралуу маалымат берилди. Ошондой эле педагогикалык этиканы сактоо, балдар менен иштөө, коопсуздук эрежелерин аткаруу жана теориялык билимдерди практикада колдонуу боюнча усулдук кеңештер берилди.

Конференциянын негизги максаты – студенттерди практикага даярдоо, алардын кесиптик жоопкерчилигин арттыруу жана болочок тарбиячы катары практикалык көндүмдөрүн калыптандыруу болуп саналат