1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Педагогикалык колледжи
  4. Жаңылыктар

6 часов назад

10

 Жаштар биздин келечегибиз

2026-жылдын 23-ноябрында Б.Осмонов атындагы ЖАМУнун  окутуучуларынын  жетекчилиги алдында стартап-экосистема жана инновациялык ишкердүүлүккө арналган  иш-чарасы болуп өттү.

Иш-чаранын негизги максаты — жаштардын инновациялык идеяларын колдоо, бизнес-долбоорлорду иштеп чыгуу көндүмдөрүн калыптандыруу жана заманбап технологиялык тенденциялар менен тааныштыруу болду.

Жолугушуунун жүрүшүндө студенттер:

-Жасалма интеллекттин (AI) мүмкүнчүлүктөрү, аны билим берүүдө, бизнесте жана стартап-долбоорлорду тездетүүдө колдонуу жолдору тууралуу баалуу маалыматтарды алышты;

-Ийгиликтүү ишкерлер жана менторлордун мастер-класстарына катышты;

-Бизнес-идеяны нөлдөн баштап ишке ашыруу, каржылоо тартуу жана команда түзүү боюнча практикалык кеңештерди алышты;

-Өз долбоорлорун тааныштырып, эксперттердин баалуу пикирлерин угушту.

Бул иш-чарагаПедагогикалык колледждин окутуучулары: Осмонова Майрам, Торобекова Чолпонай, Болотбекова Венера  студенттерди алып барып, теориялык билимдерин практика менен айкалыштырууга, чыгармачылык дараметин ачууга жана келечектеги кесиптик багыттарын аныктоого чоң түрткү берди.